08:24
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте көмүр сатуучу жайлар ачылды

Бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн борбордо көмүрдү сатуучу стационардык пункттар, ошондой эле көмүр базалары иштеп жатат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Жакында шаардын турак жайларындагы 35ке жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

— «Ак-Жол» ЖЧК (Мурман көч. № 1а);

— «Торг-Синтез» «Кара-Жыра» ЖЧК (Мурман көчөсү № 59а);

— «Береке» ЖЧК (Мурман көч. № 259);

— «Беш-Сары» ЖЧК (Мурманкөчөсү № 186).

Октябрь районунда:

— «Торг-Синтез» ЖЧК («Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында).

Свердлов районунда:

— «Восход и К» ЖЧК (Достоевский көчөсү № 1).

Ал эми Ленин районунда иштеп жаткан стационардык пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

— Пушкин көч. № 182;

— Гагарин көч. № 67;

— Баррикадный көчөсү № 2.

Свердлов районунда:

— «Учкун» жаңы конушу;

— Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

— «Келечек» конушу;

— «Ак-Бата» конушу.

Эң көп окулган жаңылыктар