12:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Кыял» базарында 17 контейнер күйүп кетти

«Кыял» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
 
Алардын маалыматында, өрт саат 4:33тө чектөөгө алынып, 05:27де толук өчүрүлдү.
 
 
Бут кийим оңдоочу, 17 даана кийим тигүүчү машиналар, идиш аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнерлер жана темир устундуу пластмас менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Ошондой эле эки чач тарачтын пластик терезеси жана аба муздаткычы ээриген.
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума