Кыргызстанда бир жуманын ичинде 14 миң 896 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— жогорку ылдамдыкта айдоо — 2 152;
— тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 183;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн — 5 252;
— транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн — 6 254;
— айнектерин караңгылатуу — 43;
-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн — 212. Ал эми ар кандай эреже бузган 632 айдоочунун автоунаасы айып короосуна токтотулган.