06:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Туйгунаалы Абдраимовго карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовго карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Д. (Туйгунаалы Абдраимов) мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.

Тергөө учурунда А.Т.Д. жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү, легалдаштыруу максатында Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, ошондой эле Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына катталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында А.Т.Д. жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясындагы курулуш объектилерди каттаган.

Белгилей кетсек, А.Т.Д. жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган.

УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту («Мыйзамсыз баюу») фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө каттап, кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар