17:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орозайым Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоого шектелүүдө

Орозайым Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоого шектелүүдө. Бул тууралуу анын жактоочусу Сейитбек Довлотов билдирди.

Анын айтымында, Орозайым Нарматованы облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармап Бишкекке жөнөтүштү.

«Биринчи май райондук сотунун Нарматованын жеке буюмдарын текшерүү боюнча токтому бар экен. Сотко ИИМдин Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылыптыр. Нарматованын айтымында, ал 5-6 майда бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган имиш. Бирок, мен айта кетсем, Орозайым Нарматованын сөздөрүндө эч кандай андай чакырык жок. Кылмыштын курамы дагы жок. Бул саясый куугунуктуктоо», — дейт Сейитбек Довлотов.

Эң көп окулган жаңылыктар