13:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Талант Мамытов: Парламент өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда чоң рол ойноду

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов «Парламентаризм сабактары» берүүсүнө мыйзам чыгаруучу органдын аткарган жумуштары жана парламенттин орду туурасында маек берди.

Төраганын айтымында, азыркы шайлоо мыйзамы боюнча партиялык системада атаандаштык күчөдү. Талапкерлер шайлоого аралаш система аркылуу катышат, парламентке мурдагыдай алдыңкы тизмеде тургандар келбестен, элдин бир мандаттуу округдар аркылуу каалаган талапкерге түз добуш берүүсү камсыздалды. «Тактап айтканда, партиялык система сакталып, депутаттардын 36сы бир мандаттуу округдар аркылуу шайланса, 54ү партиялык тизме боюнча шайланат. Анын ичинде аялдар, жаштар, улуттук азчылыктын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн квоталар каралган», — деди Төрага.

Талант Мамытов былтыркы толкундоолор учурунда парламент чоң милдетти мойнуна алып, өлкөдө тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыздоодо чоң роль ойногонун белгиледи.

«Тагдырдын буйругу экен, мени ошол кыйын кезеңде төрагалык кызматка шайлашты. Аны менен катар президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого кеткендигине байланыштуу, Президенттин милдетин убактылуу аткарып турдум. Кандай маселе болбосун эл аралык уюмдар менен жолугушуп, башка өлкөлөрдүн президенттери менен пикир алмашып турдук. Алар да кошо колдоо көрсөтүп жатышты. Парламенттин аракети, салымы менен өлкөбүздө стабилдүүлүк орноду. Парламент- бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап турган орган. Ал мындан кийин да өзүнүн функциясын жогорку деңгээлде аткарат деген ишеничтемин», — деди Төрага.

Талант Мамытовдун пикири боюнча, парламент, министрлер кабинети, президент бирдиктүү иш алып барган учурда ийгилик жаралат. «Мисалы, «Кумтөр» маселесин алсак, Президент, парламент бирдиктүү позицияда болгондуктан, кенде текшерүүлөр жүргүзүлүп, элдин кызыкчылыгына иштеген аракеттер жасалып, каражаттар түшүп жатат. Биз мыйзамдын алкагында эрктүү чечимдерге бара алдык», — деди Т.Мамытов.

Экономиканы өнүктүрүү маселесине токтолуп, Төрага ички резервдерди пайдалануунун зарылдыгын белгиледи. «Бүгүнкү күндө биз насыяларды албай, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек», -деп жыйынтыктады Төрага.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума