09:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Садыр Жапаров: Кыргызстан быйыл бюджетти жабуу үчүн бир тыйын карыз алган жок

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.

Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

"Жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат — жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат!

Андыктан, өлкөнүн келечегин аныктай турган перспективдүү жана эркин бизнес чөйрөнү калыптандырууга багытталган долбоорлор жана программалар ишке ашырылат. Биз азыркы реалдуулук менен эсептешүүгө мажбурбуз. 2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6 пайызга төмөндөдү. Азыркы учурда пандемия уланып жатат, бирок ага карабастан 2021-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө жана кээ бир тармактарда өсүш байкалууда.

Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүшү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык.

Финансылык ресурстарды туура колдонуу, кечиктирилгис жана чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу, болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо — жакынкы максатыбыз.

Пандемиянын кесепеттерин женилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестерге финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыктык. Чакан жана орто ишканаларга үстөгү/проценти жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт.

Андан сырткары, чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт.

Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орточо бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт. Бул эмнени билдирет? Маселен, 15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт. Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда.

Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Кыргызстан — ак иштеп, салыгыңды төлөп койсоң, бейкапар, тынч жашооңо эч ким кийлигишпеген өлкөгө айланууга тийиш. Өнүккөн өлкөлөрдө эзелтен ушул принцип уланып келет. Биздин алардан эмнебиз кем? Ошол себептен, жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.

Мурдагы бийликтердин учурундагы салык жана бажы тармагындагы жат көрүнүштөрдү жоюу, тоо-кен тармагын улуттук кызыкчылыктарга жараша иштетүү аркылуу быйылкы жылдын жети айында эле 12 миллиард сом кошумча резерв табууга жетиштик.

Натыйжада, бюджетибизден коронавируска каршы дары-дармек, вакцина сатып алуу менен бирге, пенсияларды жана пособиелерди жогорулатуунун камын көрүп жатабыз", — деди Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар