17:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Олимпиада-2020. Жеңүүчүлөргө кандай белектер берилди?

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы салтанатта күмүш медалдардын ээси Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды.

Ал эми Мээрим Жуманазаровага III даражадагы «Манас» ордени тагылып, 7 миллион сом акчалай сыйлык тапшырылды. Үч олимпиадачыга тең президенттин атынан Toyota RAF 4 автоунаасы белекке берилди.

Садыр Жапаров кыргызстандык спортчуларга Парижде өтө турган Олимпиадага чейин үч жыл бою тиешелүү колдоо жана жардам көрсөтүлүп турарын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар