17:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

800 миң сомдук белектер. БШК таттууларды кимге сатып бере турганын айтты

Бишкек шаардык кеңеши эмне үчүн 800 миң сомго белек  сатып алып жаткандарын 24.kg агенттигине түшүндүрүп беришти.

Бишкектин социалдык өнүгүү башкармалыгы БШКга мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энеси жок балдар үчүн белек алууга жардам берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Ага ылайык, 1000 белек сатып алуу пландалган.

Балдар үчүн майрамды 26-декабрда уюштурушат. Ал жакта белектер тапшырылат.

Белектердин жалпы салмагы 1, 751 килограммдан кем эмес болушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума