16:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев жолдордун курулушун текшерди

Мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев «Ак-Ордо» конушундагы мектептин жана бала бакчанын имараттарынын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, андан кийин Каркыра көчөсүн да текшерди.

Текшерүү учурунда мэр жолдорду реконструкциялоодо шаардыктар менен тыгыз иштешүү зарылдыгын белгиледи. Шаардык кызматтар үчүн приоритет так биздин жашоочулардын муктаждыктары болууга тийиш. Ошондой эле, ал аткарылып жаткан иштердин сапатын жана объекттерди бүткөрүү мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү айтты.

Каркыра көчөсүн оңдоо Өмүракуновдон Өмүргө чейинки тилкеде, узундугу 1700 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагында тротуарлар болот. Жолду сентябрдын аягына чейин ачуу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар