Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына сыйлык тапшыруу аземи 23-августта өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.
Олимпиада оюндарынан Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалын утуп келишти.