05:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 483 кишиден вирус аныкталып, 8 киши каза болду

Кыргызстанда 9-августка карата коронавирус дагы 483 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 281, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда — 71, Жалал-Абад облусунда — 57, Баткен облусунда — 9 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 987, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 93, Ош облусунда — 47, Талас облусунда — 25, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 72, Баткен облусунда — 104 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 609 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 129 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 158 миң 285 киши айыгып чыкса, 2 миң 407 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар