12:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Олимпиада-2020. Кыргызстан медалдар тизмесинде 61-орунга көтөрүлдү

Токиодо өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 61-орунга көтөрүлдү. Бир күн мурун 64-катарда эле, деп билдирет «Азаттык».

Учурда кыргыз спортчуларынын капчыгында эки күмүш, бир коло байге бар. Бул 4-августтун жыйынтыгына карата маалымат.

Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алышкан.

Медалдардын саны боюнча биринчи орунда Кытай (32 алтын, 22 күмүш, 16 коло), экинчи орунда АКШ (25 алтын, 30 күмүш, 22 коло), үчүнчү орунда Жапония (20 алтын, 7 күмүш, 12 коло).

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 30-орунда (эки алтын, бир коло), Түркмөнстан 70-катарда (бир күмүш), Казакстан 75-орунда (үч коло). Тажикстандык спортчулар байге албай мелдештерди жыйынтыктады.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарына 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби