08:26
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкекте оңдоо иштери үчүн беш көчө жабылат

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, 30-июлдан баштап шаардын беш көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Оңдоо иштери Шабдан Баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып Миң-Булак көчөсүнө чейинки 350 метрлик бөлүгүндө башталат. Айдоочулар бул бөлүктү Сатыбалдиев көчөсү аркылуу айланып өтсө болот.

Ошондой эле Турусбеков көчөсү Боталиев көчөсүнөн тартып Ташкентский көчөсүнө чейинки узундугу 1 миң метр болгон бөлүгү оңдолот. Курулуш маалында Манас проспектиси менен Махатма Ганди көчөсү альтернативдик көчөлөр болуп саналат.

Узундугу 846 метр болгон Тимур Фрунзе көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин дагы жаңылануу күтүп жатат. Айдоо үчүн альтернативдүү көчөлөр — Соң-Көл жана Казиев көчөлөрү. Ал эми Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин оңдолот. Репин көчөсү альтернативдүү жолго айланат.

Реконструкциядан кийин оңдолуучу көчөлөрдө жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрден 9 метрге чейин болот, тротуарлар жана эки тарапка ирригациялык тармак курулат. Элебаев көчөсүндө унаа токтотуучу жай каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар