20:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусия мигранттарды атайын тиркеме жүктөөгө милдеттендирди

Орусиянын өкмөтү 25-июлдан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандарга «COVID-19суз саякатта» тиркемесин сөзсүз түрдө колдонуу боюнча токтом кабыл алды.

Бул милдеттүү талап алгач Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандын жарандары үчүн киргизилсе, 1-сентябрдан тарта Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан менен Өзбекстандын жарандарына дагы тиешелүү болот.

«COVID-19суз саякатта» мобилдик тиркемеси быйыл февраль айында даярдалып, колдонула баштаган. Ал аркылуу колдонуучулар коронавируска ПЧР-тест тапшыруу үчүн клиника тандап, анын жыйынтыгын ала алышат.

Ошондой эле, тиркемеге эмгек мгиранттары жеке маалыматтарын да киргизүүгө милдеттүү экени Орусия өкмөтүнүн токтомунда көрсөтүлгөн.

Орусиядагы «Жарандык көмөктөшүү» комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина мигранттарды милдеттендирүү мыйзамсыз экенин билдирди:

«Ооба, сөзсүз түрдө. Бул тиркемени жүктөөгө милдеттендирүү боюнча укуктук ченем адам укугун бузат. Адамдардын эркин жүрүү укугу жана алардын жеке жашоого болгон укугу бузулат. Бул жерде алардын жеке маалыматтарын алуунун өзү мыйзамсыз. Чоң мыйзам бузуу бар», — деди Ганнушкина.

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн атайын тиркеме иштеп чыгып, ага адамдын профилин, биометрикасын, соттуулугу тууралуу маалыматтарды жана «мигранттын социалдык ишеним рейтингин» киргизүүнү сунуштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума