Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел 6 жаштагы М.А. аттуу кызды агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, райондун Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында жүрдү.
Жеринде издөө иштеринин натыйжасында жогоруда аталган кыздын сөөгү туугандары тарабынан табылган.
Учурда айылдарды селдин кесепетинен тазалоо иштери жүрүүдө.