19:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Москвада мушташка катышкан кыргыз жана тажик жарандары Орусиядан чыгарылат

Москванын «Кузьминки» метро станциясынын жанындагы калайман мушташка катышкан мигранттар Орусиядан чыгарылат. Бул тууралуу Москва шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

«Мушташка катышкан чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагынан күчтөп чыгарылат. Ошондой эле аларга административдик айып пул салынып, айрымдарын өлкөгө кайра киргизбөө тууралуу чечим кабыл алынат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жалпысынан полиция мушташка катышкан деп 103 кишини кармаган. Аларга карата «Чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тараган. Мындан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү да жарыяланган.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар