Бир суткада 1 миң 292 жаңы учур катталып, 10 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкекте — 720, Ошто — 38, Чүй облусунда — 196, Ош облусунда — 31, Талас облусунда — 16, Нарын облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 49, Жалал-Абад облусунда — 101 жана Баткен облусунда — 118 кишиден вирус аныкталды.
Бишкекте 7 киши, Чүйдө, Ошто жана Ысык-Көлдө бирден бейтап вирустан көз жумду.
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 142 миң 270 киши вируска чалдыгып, 2 миң 123 каза тапты.