USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жолдору парламентте каралууда

12:14, 07 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге карыздарды берүү, капиталына катышуу жана башка каржылык инструменттерди пайдалануу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат.

Белгилүү болгондой, фонддун уставдык капиталы алгач 50 млн АКШ долларын түзөт. Кийин уставдык капиталды 200 млн АКШ долларына жеткирүү менен, бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан тарабынан камсыз кылынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика