15:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АШК: Көп аял алууну мыйзамдаштырууга үндөгөн партия шайлоо эрежесин бузган жок

Көп аял алууга үндөө менен «Келечек» партиясы шайлоо мыйзамдарын бузган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык комиссиясынын чечиминде айтылат.

Маалыматта, партия үгүт иштеринин эрежесин бузган жоктугун белгилейт.

Белгилей кетсек, «Келечек» партиясынын талапкери Наргиза Абдыкеримова көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштайт. Анын айтымында, ага жол ачуу менен өлкө бир топ социалдык проблемаларды чечет.

«Реформа» партиясы «Келечек» партиясынын бул чакырыгын мыйзам бузуу катары таанып, партияны жоопко тартуу талабы мене Боршайкомго кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар