Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов президенттин иш башкармалыгынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта Талант Мамытовдон COVID-19 аныкталган аныкталбаганы так айтылбайт.
Буга чейин төрага үйдөн дарыланып, абаланы начарлап кеткендиктен ооруканага которулганы кабарланат.
«Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринен вирус аныкталды. 36 кызматкер үйдөн иштөөгө которулду», — дейт парламент.