21:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Келишимдер күчүндө. «Кумтөр» жеткирип берүүчүлөрү Теңгиз Бөлтүрүк менен жолукту

2021-жылдын 25-июнунда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) материалдык-техникалык камсыздоо жана жабдуу бөлүмү жергиликтүү жеткирип берүүчүлөр менен ири жолугушуу өткөрдү — алар Кыргызстандын 40тан ашуун ар кандай фирмалары менен уюмдарынын өкүлдөрү.

КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк өзүнүн саламдашуу сөзүндө «Кумтөрдүн» бөдрөтчүлөрүн таанышуу жана учурдагы кызматташтыкты талкуулоо, ошондой эле болочоктогу пландар менен бөлүшүү үчүн чакырганын белгиледи. «Кумтөр» кен жайында убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийин иш штаттык режимде уланып жаткандыгы жана компаниянын бардык макулдашуулары менен келишимдери күчүндө калып аткарылаары баса белгиленди. Ал эми, учурда КГКнын көпчүлүк мурунку иш мамилелери кайра каралып жатат, анын ичинде компаниянын камсыздоо маселелери да бар. Өзгөчө басым коопсуздук техникасынын сакталышына жана коррупцияга каршы ченемдердин аткарылышына жасалат.

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» жеткирип берүүчүлөрүнө көп жылдык кызматташуу үчүн жана маанилүү көрсөткүч — 3 жыл жумуш убактысын жоготуусуз иштөөгө жетишүү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул кереметтүү натыйжа. «Кумтөр» өз кезегинде коопсуз иш шарттарын камсыз кылуу боюнча кошумча чара, каражат жана күч жумшоого ниеттенүүдө», — деп баса белгиледи Теңгиз Бөлтүрүк.

Жолугушуунун натыйжасында жергиликтүү товар жеткирип берүүчүлөр жана кызмат сунуштоочулардын өкүлдөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог болду. КГКнын кызматкерлери бөдрөтчү уюмдардын ишин баалаган көрсөткүчтөрдүн статистикасын көрсөтүп, жеткирип берүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти жана жабдуучулардын башка маанилүү маселелерин талкуулашты.

КГК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын карманат. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет. КГК төлөм кудурети бар компания жана өзүнүн социалдык милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана бөдрөтчү уюмдарынын алдындагы милдеттенмелерин аткарып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар