03:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусиянын вице-премьери: курулуш тармагында 5 млн эмгек мигранты тартыш

Жакынкы эки жылда Орусиядагы курулуштарга 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек. Бул тууралуу бейшембиде өлкөнүн вице-премьер министри Марат Хуснуллин билдирди.

Ал губернаторлорго кайрылып, бул тапшырманын укуктук маселелерин иштеп чыгууну сурады.

«Интерфакс» агенттиги белгилегендей, марттын башында Орусиянын Курулуш министрлиги өлкөдө 1,2 миллион жумушчу жетишпей жатканын кабарлаган.

Бул арада бейшембиде Социалогиялык иликтөөлөр борборунун директору Анатолий Клюев окумуштуулардын эсебинде, жакынкы он жылда Орусияда калктын жумушка жарамдуу бөлүгү 7 миллион кишиге кыскара турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар