Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка караганда, Садык Шер-Нияз элчиликтен сырткары Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп да дайындалды.
Эскерте кетсек, Садык Шер-Нияз 2020-жылы президенттик шайлоого аттанып, бирок, Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийин талапкерлигин алып салган.