21:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдө бир айда азык-түлүккө баа 16,4 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда июнда азык-түлүктүн баасы май айына салыштырмалуу 16,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Жашылча жемиштерге баа 19,5 пайызга  өстү. Анын ичинен Сабиз 58,4 пайызга, картошка 36,3 пайызга кымбаттады. Мөмө-жемиштердин баасы 6,4 пайызга өскөн.

Белгилей кетсек, Айыл-чарба министрлиги быйыл түшүм 20 пайызга аз топтолорун кабарлаган. Ага ылайык ун жана нан азыктарына дагы баанын кымбатташы күтүлөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар