21:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жарык жана жылуулук үчүн баалар көтөрүлбөйт

Жарык жана жылуулук үчүн баалар көтөрүлбөйт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.

Отун-энергетикалык комплекси жана тоо-кен байлыктарын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашевдин айтымында, жаңы баа саясатын ушул жылы киргизишет, анткени мурунку баа саясатынын мөөнөтү аяктады.

Кубатбек Боронов билдиргендей, бааларды кайра карап жатканда аларды сөзсүз түрдө эле көтөрүү каралбайт. «Бул жылы баа саясатын карайбыз, бирок тарифтер жогорулатылбайт», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар