15:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Клара Сооронкулова ИИМге суракка чакырылды

Ички иштер министрлиги «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулованы суракка чакырды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн Facebookтагы баракчасына жазган.

Сооронкулова сурак октябрь окуяларына байланыштуу болушу ыктымал деп боолголойт.

«5-6-октябрдагы окуялардын бардыгына катышып жүрдүм. Менин божомолум боюнча, октябрь окуялары тууралуу сурайт. 6-октябрды сурай турган болсо Достук мейманканасында депутатарды жетелеп келип Садыр Жапаровду премьер-министр шайлаганын айтам. Менин баамымда, 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш орун алган. 5-октябрда көчөгө чыккандар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Аны пайдаланган айрым күчтөр 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш кылып, бийликке келишти», — деп жазат Сооронкулова.

Эң көп окулган жаңылыктар