00:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте кафе-ресторандарга түнү иштөөгө чектөө алынды

Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 17-июндан тарта түнкү клуб, ресторан, кафе, тез тамактануучу жай, караоке жана барлар кечки саат 23:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин иштеген эмес. Чектөө соода түйүндөрдөгү көңүл ачуучу жайларга да тиешелүү болгон.

Аталган жайлардагы санитардык талаптардын аткарылышы боюнча жоопкерчиликти жетекчилер өз моюндарына алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар