23:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда аялдар 43 айылдык кеңешти жана 13 айыл өкмөтүн жетектейт

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында депутат айымдардын саны артты. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болуп дайындалышты.

«Буга чейин төрайым болгон айымдардын саны 18ден ашпайт болчу. Бирок бир да шаарга аял киши мэр болгон жок. 13 аял айыл өкмөтүнө башчылыкка дайындалды», — дейт Нуржан Шайлдабекова.

Эң көп окулган жаңылыктар