08:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бизнес чөйрөсү, ишкерлер жаңы жазылган Жазык, Жазык-процесстик кодекстерге каршы

Кыргызстандын Бизнес — Акыйкатчысы Робин Орд-Смит, КР Экономика министрлиги жана КР Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы биригип, бизнес чөйрөнүн, ишкерлердин, тармактык ассоциациялардын жетекчилерин КР Экономика министрлигине жыйнап, тегерек үстөл өткөрдү. Анын максаты КР Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин жаңы редакцияларындагы экономикалык кылмыштарды криминалдан арылтуу (декриминализация) маселелери кандайча жазылып жаткандыгын талкуулоо эле.

Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү бир ооздон бул кодекстерден баш тартууну айтып чыгышты.

«Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин жаңы редакцияларынан баш тартуу керек», — деди Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков талкуунун жүрүшүндө.

Анын айтымында, ишкерлерден бөгөт коюу чарасы, тергөө иш-чаралары жана башка мыйзам бузууларга байланыштуу көптөгөн арыздар түшүүдө. Бирок бизнес мамлекеттен колдоо көрбөй жатат.

«Жаңы Жазык кодексине жана Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, Башкы прокуратура арыздар менен күрөшүүнүн ордуна, аны жетектөөнү чечкени кандай? Жаңы кодексти иштеп чыгуунун кажети жок болчу. Президенттин жарлыктарында да булар тууралуу айтылган эмес. Болгону Конституцияга айрым пункттарды дал келтирүү керек болчу, бирок жаңы Жазык-процессуалдык кодексинин кереги жок эле. Азыр жаңы кодекстерди киргизүүнүн мезгили эмес», — деди Аскар Сыдыков.

Ал ошондой эле бизнестин акыркы убактардагы өзгөрүүлөргө жооп берүүгө үлгүрбөй жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңеш опурталдуу түзөтүүлөрдүн өтүшүнө жол бербейт деген да үмүт жок.

«Азыр мыйзам долбоорлору бир эле учурда үч окууда кабыл алынып жатат. Үч айдын ичинде жаңы Жазык жана Жазык-процесстик кодекстерин иштеп чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуудан кийин эмне болорун элестете аласызбы? Мындай болбошу керек. Шашпайлы, бардыгын чогуу талкуулайлы, керектүү түзөтүүлөрдү киргизели», — деди Эл аралык ишкер кеңештин башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар