УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жөнөп кетти. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Тажикстан буга чейин келишимди бузуп, Чоң-Алай районунун Унжу Булак аймагында бүгүн түнү 03.00дө 1 чакырымга жерге чейин Кыргызстандын аймагына кирип келди.
Алар ал жерге контейнер орнотушкан.
УКМКнын айтымында, чек арага тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.