Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Дастан Догоев 2017-2018-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2019-2020-жылдары Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин башкарган.
Учурда 34 жашта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
Дастан Догоев пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалган Азамат Дыйканбаевдин ордуна келди.