13:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Алардын маалыматында,  бүгүнкү саат 12.30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч. 

Маалыматка караганда, 18-майда Чоң-Алай районунун Унжу-Булак жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Ага Ош облусу боюнча жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы боюнча өкүлдөр катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Унжу-Булактагы чек ара тилкеси эл аралык укуктук каттоодон өткөнгө чейин бул жерде чек ара сызыгын бойлой Кыргызстандын да, Тажикстандын да чек ара кезметтери кайгуул жүргүзбөйт» деген чечим кабыл алынды. Чек араны биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылды.

УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы бөлүктөрү штаттык режимде кызмат өтөшүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар