USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Жогорку Кеңеш Кумтөр жана чек ара маселесин караштырууга киришти

10:46, 17 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүн кезексиз жыйынга чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр жана чек ара маселелерин карайт.

Эл өкүлдөрүнүн бири бүгүнкү күн тартибинде чек ара жана алтын кен боюнча олуттуу маселелер коюлганын айтып, чек ара боюнча талкууну башка күнгө жылдырууну сунуштады. Анын пикиринде абалды тыкыр талкуулоого бүгүн убакыт тардык кылат.

Төрага Талант Мамытов бул сунушту добуш берүүгө коюп, жыйынтыгында депутаттар эки маселени тең бүгүн кароо чечимин кабыл алышты. Ага кошуп, жаңы мандат алган депутаттын ант берүүсү дагы бүгүнкү күн тартибине киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18