15:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенде эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам коопсуз жайга чыгарылган миңдеген тургундарга атайын транспорттор уюштурулуп үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу 9-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңжалдан кийин Баткен шаарындагы тогуз жайга жайгаштырылган тургундар менен облус башчысы Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек арада коопсуздукту сактоого чаралар көрүлүп жатканын жана турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп жатканын билдирди.

28-апрелде башталган чек ара чатагынан улам 40 649 адам эвакуацияланган. Анын 24 миңдейи балдар болгон. Мындан сырткары үй жайын таштап өз алдынча кеткен миңдеген кишилер болгон.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну «биринчи баштаган» жана «чек арага кирип келген» деп билдирген. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды «башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон» деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «агрессия» деп сыпаттаган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар