03:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Камчыбек Ташиев: Ворухка коридор берилген жок

Ворух анклавына коридор берилген жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик комиссиянын тажик-кыргыз чек арасы боюнча коюлган акыркы протоколунда коридор берүү жолу каралган.

"5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштерин жүргүзөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924- 1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Аталган жылдардагы карталар №43 чек ара чекитинен №49га чейин жана №135тен №141ге чейинки чек ара чекиттерин тактоодо гана колдонулат. Ворух анклавынын буга эч кандай тийешеси жок", - дейт ал. 

Анын айтымында, Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот.

"Бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Башкача айтканда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз», - дейт Камчыбек Ташиев.

Бүгүн Тажикстандын «Ховар» улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Эң көп окулган жаңылыктар