05:35
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Камчыбек Ташиев: Ар бир тарап жаңжалга чейин ээлик кылган тилкелерде калышат

Кыргызстан менен Тажикстан жаңжалга чейин ээлик кылган тилкелерде калышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен кол коюлган протоколдо кыргыз-тажик чек арасынын бардык тилкелеринде тынчтык орнотуу жана тынчтык орнотуунун ыкмалары жазылган.

Биринчи ыкма – чек арадан чек арачыларга тиешелүү болбогон бардык оор техникаларды жана адамдарды алып кетүү. Экинчиден, ар бир мамлекет ошол жаңжалга чейин ээлеген гана жерин ээлеп калуу. Эгер кимдир бирөө кайсы бир мамлекеттин аймагына кирип кеткен болсо ошол жерден тез аранын ичинде адамдарын, аскердик техникаларын жана аскерлерин чыгарып кетүүсү керек. Үчүнчүдөн, жогорудагы пункттарды аткаруу боюнча комиссия түзүү, ал комиссиялар жеринде жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди териштирип, чечип турат.

«Эгер кайсы бир маселе чечилбей, же туура эмес чечилип аткан болсо мага же Тажикстандын УКМК башчысына түздөн-түз айтылып турат жана биз ыкчам иш-чараларды жүргүзөбүз. Аталган протоколго бүгүн түнкү саат үчтө кол коюлду»-дейт Ташиев.

УКМК башчысы ушунун негизинде чек арада түн жакшы өттү деп белгиледи. Бир дагы жерде атуу, ызы-чуу же кандайдыр бир укук бузуулар болгон жок. «Бүгүн кечке чейин дагы абал тынч болду. Мындан ары дагы ушул протоколдун негизинде бардык мамлекеттик органдары, укук коргоо органдары жана башка кызматтар жакын арада штаттык режимде иштеп баштайт»,-деди УКМК башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби