22:14
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Кыргыз-кытай чек арасы төрт күнгө жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрмө пункттары 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Мындай тартип Кытайдагы «Эмгек» майрамына байланыштуу киргизилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 5-майдан тартып жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар