04:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда калктын миграциялык агымы 21 пайызга төмөндөдү

Кыргызстанда калктын миграциялык агымы 21 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 2020-жылы өлкөгө туруктуу жашоо үчүн келгендердин саны 1 миңге жакын адамды түздү. Ошол эле учурда 5,8 миң киши өлкөдөн чыгып кеткен. Бул көрсөткүч 2019 жылга салыштырмалуу 2 миң кишиге аздык кылат.

«Натыйжада, өлкөгө келгендер менен чыгып кеткендердин ортосундагы айырмачылык 2019-жылы 4,8 миң адамды түзсө, 2020-жылы 6,2 миңге жетип, миграциялык агым 21 пайызга төмөндөдү», — дейт Статком.

Белгилей кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу чет өлкөдөн 10 миңден ашык мигранттар Кыргызстанга кайтып келишкен. 

2020-жылы өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын басымдуу бөлүгү (42,1 пайызы) кыргыз улутундагылар. 26,2 пайызы, же 1,5 миң орус улутундагылар, өзбектер — 15,1 пайызы, казактар — 2,6 пайызы жана украиндер — 2,1 пайызы кирди.

Мурдагыдай эле, мигранттар үчүн туруктуу жашаган жерин тандоо планында басымдуулук кылган мамлекеттер Россия (65,1 пайыз) жана Казакстан (28,6 пайыз) саналат.
Эң көп окулган жаңылыктар