03:51
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Белоруссия Бакиевди кайтарып берүүдөн дагы бир жолу баш тартты

Белоруссия Курманбек Бакиевди кайтарып берүүдөн дагы бир жолу баш тартты. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура Белоруссия менен Бакиевдерди кайтарып берүү үчүн ишин улантууда.

«Беларуссия баш тартып, токтомду аткарбай жатат», — дейт Курманкул Зулушев.

Зулушев Башкы прокуратура Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен акчаны кайтаруу боюнча дагы иш жүргүзүп жатканын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума