19:35
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге каршы арызды карай баштады

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы активист Умай Арыкова жазган арызды карай баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирип, мындан башка маалымат берген жок.

Умай Арыкова 16-апрелде Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.

Ушундай эле арызды ал 19-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине берген.

Арыкова министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен, анын ичинде «Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү» беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби