06:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жанар Акаев: Депутаттар Камчыбек Ташиевден коркушат

Депутаттар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден коркуп турушат. Бул тууралуу парламенттин депутаты Жанар Акаев журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын 90 пайызы ишкерлер болгондуктан бийликке каршы сүйлөй албайт.

«Депутаттар Ташиевден абдан коркушат. Айрыкча бизнеси барлар. Балким айрымдары биздин жер, сууну коргоону каалагандар ага каршы сөз сүйлөй алышы мүмкүн, бирок 90 пайызы — бизнесмендер. Ташиев коррупционерлерди кустурабыз дегенде, депутаттардын тура калып, кол чаап жиберди», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар