02:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97
Сюжет: Выборы - 2021

Ж. Назаралиев: Эгерде Кудай максат берсе, аны ишке ашыруу үчүн күч дагы берет

Кымбаттуу досум!

Сен экөөбүз Кыргызстандын негизги көйгөйү жакырчылык экендигин билебиз. Сен эмне үчүн жакырчылык деп сурашың мүмкүн. Себеби бул бардык маселенин өзөгү — элибиздин руханий жардылыгы жана улуттук өзүн таанып-билүүсүнүн төмөндөшү, ошондой эле өлкөбүздүн глобалдык дүйнөдөн артта калуусу.

Улуттук статистикалык комитеттин 2019-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстандын калкынын 22 пайызы, башкача айтканда 1,3 миллион адам жакырчылыктын чегинде жашашса, алардын 73,8 пайызы айыл жеринде жашагандар. Демек, бүгүнкү күндө ар бир төртүнчү кыргыз күнүнө 180 сомго жашайт!

Кыргыздардын басымдуу бөлүгү эки миң жылдан ашуун убакыттан бери ушинтип жашап келе жаткандыгы чындык. Тилекке каршы, жакырчылык биздин маданиятыбыздын, коомдук жүрүм-турумубуздун, адатыбыздын, ал эмес, аң-сезимибиздин жана улуттук менталитетибиздин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Биз жакырчылыкты капарыбызга деле албай калдык.

Социалдык жактан алып караганда, жакырчылык чакан топторго бөлүнүүгө алып келет — адам үй-бүлөгө, урук-урууга өтө көз каранды. Жакырчылык адамды эркиндигинен ажыратат — колунда жок адам өзүн улуу элдин бир бөлүгү деп эсептебейт, жашап кетүү үчүн ал ар дайым адамдардын чектелген чөйрөсүнө байланып калат. Өзүнүн же мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалаң топтун кызыкчылыгында иш-аракет кылууга мажбур болот.

Урматтуу досум, бул көйгөйдү дагы тереңдеп карай берсек болот. Ар бир эл өзүнүн өнүгүүсүндө уруулук этапты басып өткөнүн жакшы билесиң. Бир ууч уруудан бүтүндөй элге руханий өзгөрүү бирдиктүү ишенимге жана бир динди кабыл алуудан ишке ашкан. Биз өзүбүздү мусулманбыз деп эсептегенибиз менен, социалдык жактан алганда, биз бир эл эмеспиз, ар биринин өзүнүн Кудайы бар тотемдерге сыйынган урук-уруулардын топтомубуз. Жакырчылыктын айынан уруулук этаптан чыга албай жатабыз. Мен дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүн кыдырдым. Жакырчылыкта жашага элдер касталык, уруулук архаикалык коомдордо жашап, фольклорго, эпосторго, жомокторго, уламыштарга, макал-лакаптарга, тамсилдерге жана мифтерге таянып жашашат.

Кыргыз элинин уруулук түзүлүшү улуттук өзүн-өзү таанып-билүүсүнө жолтоо болуп жатат. Биз бытыранды эл экенибизди жана улуттук биримдигибиз жок экендигин моюнга алышыбыз керек. Улуттук өзүн-өзү таанып-билүүгө жетүү үчүн биз улуттук намысты жана улуттук сыймыкты ойготушубуз керек. Бул уруулук байланышта калгандарга улуу элге таандык экендигин, ал эми өзүн интеллигент жана шаардыкмын деп эсептегендер космополитизмден баш тартып, өз элинин бир бөлүгү экендигин түшүнүүгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө бизде улуттук абийир жана сыймык жок. Бул бир жагынан алганда, уруулук байланыштарды бекемдесе, экинчи жагынан улуттук ишенбөөчүлүктү, өз элин четке кагуу жана жек көрүүчүлүктү жаратат.

Өзгөчө акыркысы саясатчыларга, чиновниктерге жана ар кандай бюрократтарга мүнөздүү экендигин белгилегим келет. Алар өз элин кенебестен, малдай мамиле кылат.

Биз эмне кылышыбыз керек? Мындан чыгуунун жолу барбы?

Албетте, бар!

Бизди бутубузга бекем туруп, келечегибизге ишеним менен кароого жардам бере турган «Свобода Выбора» партиядагы программамдын айрым артыкчылыктуу багыттары:

1. Кыргыз тилин өнүктүрмөйүн мамлекеттин көз карандысыздыгын жана мамлекеттин бекемделишин элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз тили билимдин, маалымат топтоонун жана искусствонун тили болушу зарыл.

2. Диндин артыкчылыгы. Дин бизге күчтүү тирек жана баалуулуктар системасын берет. Ислам асманынын астында жашап жатканыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Руханий жаңылануу үчүн намаз окуу биздин артыкчылыгыбыз.

3. Биздин мамлекет светтик бойдон калуусу зарыл — биз Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жашайбыз. Биздин өлкө башкаруу формасы боюнча республика, ал эми саясий системасынын түзүлүшү боюнча демократия.

4. Технологиялык өнүгүүнүн артыкчылыгы. Биз жаңы технологияларга тыюу салбастан, аларды жашообузга киргизишибиз керек. Авторитардык өлкөлөр интернет менен күрөшүп жатканда, биз анын артыкчылыктарын колдонушубуз керек. Интернет — бул жалпы адамзаттын кайра жаралуу доору.

5. Рыноктун артыкчылыгы. Рынок мамилелери жана капитализм — бүгүнкү күндө өздөрүн экономикалык ишмердүүлүктү уюштуруунун эң ийгиликтүү формалары катары көрсөтүштү. Мамлекет экономиканы жөнгө салып, бирок бардыгы киреше алып, кыялдарын ишке ашыра турган эркин рынокко тоскоол болбошу керек.

6. Энергетикалык көз карандысыздык. Кыргызстан тоолордун, көлдөрдүн жана дарыялардын өлкөсү. Биздин дагы эки ири ГЭСти жана 400-500 кичи ГЭС курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, ошондой эле отун бизнеси менен байланышы барларды альтернативдик энергия булактарына өткөрө алабыз.

7. Айыл чарбасынын жана өнөр жайынын артыкчылыгы. Техникалык, медициналык жана ден соолукту калыбына келтирүү максатында кара куурай өндүрүшүн жайылтуу керек. Мамлекет бул багытта монополияны түзө алат — кызыкдар болгондорго үрөндөрдү насыяга берип, андан кийин насыяны жаап, жарандар берген чийки зат үчүн акча төлөп, андан кийин чийки затты кайра иштетүү жана акыркы продукцияны өндүрүү үчүн жеке компанияларга өткөрүп бере алат. Бул айыл чарбасында, өнөр жайда он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жол ачат. Ушунун эсебинен экономика күчтөнүп өсө баштайт. Ошондой эле Кыргызстандагы аракечтиктен жана баңгиликтен арылууга жардам берет. Мен муну 30 жылдык тажрыйбасы бар нарколог катары жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Менден дарыланган 18 миң бейтаптын ичинен болгону 8и гана марихуанага көз каранды болгон. Кара куурай менен байланышкан өндүрүштүн өнүгүшү экономикалык өнүгүүгө, туризмдин гүлдөп-өсүүсүнө алып келет жана Кыргызстанды эркин жана демократиялуу өлкө катары жагымдуулугун арттырат.

8. Билим берүүнүн артыкчылыгы. Өлкөнүн экономикасын көтөрүп, миңдеген мектеп мугалимдерин жана ЖОЖдордун окутуучуларын өлкөбүзгө чакыра алабыз. Бүгүнкүдөй болуп, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (официанттар, дворниктер, таксисттер) иштебей, дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө интеллектуалдык чөйрөдө, анын ичинде жер-жерлерде дагы жаңы технологиялар, IT, кибернетика, фармацевтика ж.б. тармактарында иштей алышы үчүн балдарыбызга мыкты билим беришибиз керек.

Кымбаттуу досум! Мен сиздер менен биргеликте ӨЗҮБҮЗДҮН ЭЛДИК РУХУБУЗДУ — КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК АБИЙИРИН ЖАНА ЭЛДИК СЫЙМЫКТЫ КАЙТАРЫП АЛАБЫЗ деп ишенем!

Сенин кыргыз бир тууганың.

Жеңишбек Назаралиев жана «Свобода Выбора» партиясы (№ 8).

Смотрите видео: https://www.youtube.com/watch?v=GLWpZGC8puA

***

«Свобода выбора» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапаралиева К.А. тарабынан төлөндү.

Басып чыгаруу күнү: 09.04.2021-жыл.

Эң көп окулган жаңылыктар