УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун ишин кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту кабыл алды.
Темирлан Ташиевдин жактоочусу экинчи инстанцияга арыз менен кайрылды. Анда УКМКнын төрагасынын баласын актоо өтүнүчү айтылды. Иш Бишкек шаардык Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, Темирлан Ташиев 2013-жылы дөңгөлөк уурдоого шектелген.