23:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын иштин ордуна эс алганы үчүн бошотту

Саламаттыкты сактоо министринин мурдакы орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнов ишинин натыйжасыздыгы үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал саламаттык сактоо тутумуна жооп бере турган команда түзгөн.

«Мен 5-6 ай иштедим жана иштин натыйжасыздыгын көрдүм. Эгерде дагы үч айдан кийин менин жаңы орун басарларым иштин жыйынтыгын көрсөтпөсө, алар дагы иштен алынат. Анткени, өзүнүздөр көргөндөй мен күнү-түнү иштеп жүрдүм, ал эми менин орун басарларым эс алып жатты. Мындай кызматкерлер мага кереги жок. Бизге жашообузду оңдогонго бирден-бир мүмкүнчүлүк берилди, бул министрден жана анын орун басарларынан көбүрөөк көз каранды», — деп билдирди Бейшеналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар