11:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
 
Атайын кызматтын маалыматында, депутат саясый ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон.
 
 
Көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтканда, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 особняк, жогорку өкүлдүк класстагы 5 автонуаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашат.
 
УКМКнын пикиринде, Марат Аманкулов Жогорку Кеңешиндеги саясый таасирин колдонуу менен активдерин бир топ көбөйткөндүгү божомолдонууда.
 
Эң көп окулган жаңылыктар