20:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Владимир Путин: «Жерүй» долбооруна Орусия 600 миллион доллар салат

«Жерүй» долбооруна Орусия 600 миллион доллар салат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты.

«Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат», -деди Путин.

Ошондой эле Орусиянын президенти Жерүй кенинде 90 тонна алтын, 25 тонна күмүштүн запасы бар экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума