08:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажик-кыргыз чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр үч күндөн бери уланууда

Тажик-кыргыз чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр үч күндөн бери уланууда. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов соцтармакка жазды.
 
Анын айтымында, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр оор өтүүдө.
 
«Кыргыз-тажик чек аралары боюнча Тажикстан мамлекетиндеги сүйлөшүүлөрү 3 күндөн бери уланууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, Кыргызстандык делегациянын башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бекем позицияда турганы белгилүү болду», — дейт ал.
 
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев дүйшөмбү күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы «Кулунду» өткөрүү пункту аркылуу Тажикстандын аймагына кирген. УКМК кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жыйыны Худжант шаарында өтөрүн маалымдаган.
Эң көп окулган жаңылыктар