USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри менен мектеп курууну талкуулады

15:33, 15 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Россиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Сергей Кравцов бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады.

Россиянын агартуу министри Садыр Жапаровго эл аралык «Артек» балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18