11:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сургутта үйдөн өрт чыгып, эки кыргызстандык бала көз жумду

Россиянын Сургут шаарында өрттөнгөн үйдө сегиз жана беш жаштагы кыргызстандык балдардын денеси табылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчүлөр келгенде үйдүн чатырыга чейин күйүп жаткан.

Каза болгон балдар Кыргызстандын жараны экендиги ырасталды. Алар үйдө апасы жана тайнесинин колунда жашашкан.

Аялдарга убактылуу жашоого жай берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар